Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Зина Асанкожоева КМШ Экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

 

2014-жылдын 23-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Асанкожоева Зина Мукаевна Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Мамлекет башчысынын башка Жарлыгы менен Клименко Илья Петрович Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматынан бошотулду.

 

2014-жыл 24-апрель