Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыктарга ылайык, ээлеген кызматтардан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндө тартип жазасын колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26, 28-беренелерине ылайык, төмөнкүдөй токтом кылынат:

- Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Кыдыров Калтарбек Абдыкадырович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун;

- Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык  сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Илиязов Камчыбек Темирбекович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун;

- Ош шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Джулдашев Талант Тюленбаевич Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун;

- Ош облусунун Ош шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Максутов Закир Сатарович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

Жарлыктар кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2014-жыл 21-май