Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө» Мыйзамга толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 9-апрелинде кабыл алынган.

«Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 126 -статьясы менен толукталды. Ага ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына чет мамлекеттердин транспорт каражаттары киргенде жыйым алынат. Жыйым алуунун тартиби жана өлчөмү  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуусу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Кабыл алынган Мыйзам менен киргизилип жаткан жыйым жаратылышты коргоо  боюнча иш чараларды каржылоого багытталат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-декабрындагы N 675 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагына/аймагынан чет мамлекеттердин жүк ташуучу автоунаа каражаттары киргенде/чыкканда айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөрдү алуу тартиби жөнүндө
Убактылуу жобого ылайык, өлкөнүн аймагына киргенде айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн  1500 сом өлчөмүндөгү төлөм алынат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүргүзгөн эсептөөлөр боюнча бир жылда чогултулчу төлөмдөрдүн суммасы 1 млрд. сомго жакын болушу мүмкүн.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 22-май