Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодекске толуктоолор киргизилди

Бүгүн, 2014-жылдын 26-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 11-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - коомдук иштерге тартуу  түрүндөгү администрациялык жоопкерчиликти колдонуу жана аткаруу механизмдерин өркүндөтүү.

Ушул максатты ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик  жөнүндө Кодексине толуктоолор киргизилди. Ал толуктоолорго ылайык:

-коомдук иштерге тартуу  жоопкерчилиги каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер жасалган жеринде же администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын жашаган жеринде каралат;

-коомдук иштерге тартуу жөнүндө токтомдун аткарылышын контролдоо ички иштер органдары тарабынан ишке ашырылат, ал эми  укук бузуучуларды коомдук иштерге тартууну уюштуруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт;

-коомдук иштердин мөөнөтү коомдук иштерге тартуу жөнүндө токтом жарыяланган күндөн тартып эки айдан кечиктирилбестен укук бузуучу тарабынан аткарылууга тийиш;

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 26-июнь