Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Бүгүн, 2014-жылдын 26-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду  киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын  конституциялык Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам судьяларды тандоо жол-жоболорун өзгөртүүгө багытталган. Ушул максатта конституциялык мыйзамда төмөндөгүлөр каралат:

-конкурстук тандоонун ар бир турунан кийин балл (баа) коюу жол-жобосун жоюп, анын  ордуна  бардык үч турду өткөндөн кийин конкурстук тандоодон өтүү үчүн  өтүүчү балл коюу;

- Президентке сунуштоо же дайындоо үчүн Судьяларды тандоо боюнча кеңеш сунуштачу талапкерлердин тизмесин кетүү ирети боюнча, конкурстук тандоодон өтүүдө топтогон баллдарына ылайык түзүү;

- Президентке Судьяларды тандоо боюнча  кеңеш конкурстук тандоонун жыйынтыгы менен эң көп балл алган талапкерлерди  конкреттүү соттогу бош кызмат орундарына гана сунуштоосу;

- конкурстук тандоодон өткөн, бирок Президентке сунушталбаган талапкерлерди талапкерлердин тизмесинде калтыруу;

- эгерде талапкердин материалдары Президенттен кайтарылып келсе же талапкер Жогорку Кеңеш тарабынан шайланбай калса, Судьяларды тандоо  боюнча кеңеш тизмедеги талапкерлерди кезек тартиби менен, ар бир талапкердин топтогон баллына жараша жана колдонуудагы тартип боюнча сунуштайт;

-эгерде мурда сунушталган талапкерлердин бардыгы дайындалса, же шайланса, же талапкерлерди ушул  тизмеден чыгарган учурларда Судьяларды тандоо кеңешинин тизмесин жокко чыгаруу. 

Конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Конституциялык мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 26-июнь