Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” жаңы Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын  Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 19-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам Адвокатуранын, адвокаттык иштин укуктук негиздерин, ошондой эле адвокаттардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин белгилейт.

Ошондо “Адвокаттык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-октябрындагы № 114 Мыйзамы күчүн жоготту деп табылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 15-июль