Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 18-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – энергетика тармагын мамлекеттик жана коомдук керектөөлөрдүн катарына кошуу жана энергетика максаттарында жер тиркелерин кайтарымсыз колдонууга мүмкүнчүлүк берүү.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 15-июль