Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Мыйзамга толуктоо жана өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 2014-жылдын 18-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын юридикалык жактардын капиталында катышуу мүмкүнчүлүктөрүн конкреттештирүү. Мыйзамда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармалыгынын юридикалык жактардын капиталында катышуу боюнча чечим кабыл алуу ыйгарым укуктары такталып, ошондой эле экономиканы өнүктүрүү максатында Улуттук банктын юридикалык жактардын капиталында катышуу укугу кеңейтилген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 18-июль