Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Ош облусунун Алай райондук сотунун төрагасы Мамбет Токсомбаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

2014-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 3-бөлүгүнө жана «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна негизденип, төмөнкүдөй токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы жана Ош облусунун Алай райондук сотунун төрагасы Токсомбаев Мамбет Айдаралиевич каза болгондугуна байланыштуу анын ыйгарым укуктары 2014-жылдын 8-июлунан тартып мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2014-жыл 25-август