Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү алкагында эксперттик жумушчу топтор түзүлдү

Бүгүн, 2014-жылынын 23-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 8-августундагы № 147 «Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2013-жылдын 1-февралындагы № 24 буйругуна толуктоо катары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев төмөнкү эксперттик жумушчу топторду түзүү жөнүндө буйрукка кол койду:

- Кыргыз Республикасынын Эреже бузуулар жөнүндө кодексинин долбоорлорун жана соттуулукту каттоо жана мунапыс берүүнүн негиздери бөлүгүндө аны жана башка процесстик мыйзамдарды коштогон мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча;

- пробация кылуу системасы боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин жаңы редакциясынан келип чыккан мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча;

- сот адилеттигин жүргүзүүдө укуктун процесстик жана башка ченемдерин өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоорлорунун пакетин кабыл алууга байланыштуу финансылык-экономикалык эсептерди жүргүзүү жана мүмкүн болгон чыгымдарга баа берүү боюнча.

Эксперттик жумуштук топтордун курамына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, сот корпусунун өкүлдөрү, юристтер жана көз карандысыз эксперттер кирди.

2014-жыл 23-сентябрь