Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Динара Сагинбаева Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулду

Бүгүн, 2014-жылдын 24-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1 жана 5-бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:

Сагинбаева Динара Зарлыковна Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөсүнүн кызматынан отставкага кетиши кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин кызматынан бошотулсун.

Жарлык кол коюлгандан тартып күчүнө кирет.

2014-жыл 24-сентябрь