Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Эрланбек Токтосунов Жалал-Абад облусунун Аксы райондук сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду

Бүгүн, 2014-жылынын 21-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Эрланбек Сапарбекович Токтосунов өзүнүн соттолгондугу жөнүндө маалыматты жашыргандыгынан улам ушул кызмат ордун ээлөөсү мүмкүн болбогондуктан аны ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьяларынын кеңешинин сунушунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык төмөнкүдөй токтом кылынат:

Жалал-Абад облусунун Аксы райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Токтосунов Эрланбек Сапарбекович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2014-жыл 21-октябрь