Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасы жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасында тышкы экономикалык иштин бажылык-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын жүзөгө ашыруу, статистикалык эсепке алууну жана статистикалык маалымат алмашууну жүргүзүү үчүн Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү Товардык номенклатурасы колдонулат.

Мыйзам расмий жарыялоого жатат жана 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 9-январь