Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү  жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 4-декабрында кабыл алынган.

Мызамдын максаты  жарандардын адилеттүү сотко карата укуктарын камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекстин айрым жоболорун өркүндөтүү болуп саналат. Бул максатты ишке ашыруу боюнча Мыйзамда тергөөчү жазык ишин козгоодон баш тартканда, даттануунун тартибин түшүндүрүү менен токтомдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү арыз берүүчүгө жиберүүгө милдеттендирилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 9-январь