Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Озон катмарын коргоо жөнүндө» Мыйзамга толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Озон катмарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты озон катмарын коргоо тармагында чараларды мындан ары күчөтүү, тарифтик эмес жөнгө салуу тармагындагы  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Евразия экономикалык бирлигинин алкагында эл аралык-укуктук актыларын ылайык келтирүү болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө Келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө Келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 10-январь