Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Мыйзамга толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 10-декабрында кабыл алынгын.

Мыйзам жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугун камсыз кылуу тармагында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук базасын Евразия экономикалык бирлигинин укуктук ченемдик базасына ылайык келтирүүгө жана жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугун камсыз кылуу тармагында Кыргыз Республикасынын талаптарын эл аралык талаптарга жана практикага максималдуу дал келүүсүн камсыз кылууга багытталган.

Долбоорлоодо жана курууда, реконструкциялоодо, оңдоодо жана кармоодо жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча негизди талаптардын тизмеси жаңы талап менен толукталат - курулган, реконструкцияланган жолдор техникалык регламенттерге дал келиш керек.

Мыйзам транспорт каражаттарын, алардын бөлүктөрүн, кошумча жабдуу буюмдарын жана шаймандарын жасоодо жана сатууда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча негизги талап – алардын техникалык регламенттерге дал келүү керек экендигин тактайт. Ошол эле учурда жол кыймылы коопсуздугунун белгилеген талаптарына ылайыктыгын тастыктаган документтери болбогон  транспорт каражатын жасоочунун (сатуучунун, аткаруучунун) жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

Андан тышкары мамлекеттик техникалык кароонун жаңы шарттары аныкталат. Алсак, техникалык кароодон өтө турган транспорт каражаттарынын категориялары, техникалык кароонун мөөнөттөрү жана техникалык кароону жүргүзгөнчө ыйгарым укуктуу болгон субъекттер аныкталат.

Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө Келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу Келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 17-январь