Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Мунай жана газ жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

2015-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Мунай жана газ жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 17-декабрында кабыл алынган.

Өзгөртүүлөр отун-энергетикалык комплекстин ишин жөнгө салган энергетика тармагындагы ченемдик укуктук базаны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында киргизилди.

Алсак, «Мунай жана газ жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясында жер казынасын пайдалануунун, аларды коргоонун, мунай жана газ чыккан жерлерди иштетүүнүн, ташуунун, эксплуатациялоонун жана сатуунун эрежелерин  белгилөө  боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары аныкталды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 21-январь