Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Электр жана почта байланышы жөнүндө” Мыйзамга толуктоолор жана өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Электр жана почта байланышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана  өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 17-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамда бир мамлекеттин электр байланыш операторлорунун электр байланыш тарамдары менен башка мамлекеттин электр байланыш операторлорунун электр байланыш тарамдарынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын электр байланыш операторлорунун тарамдары аркылуу кандай гана болбосун туташуусун туюндурган “трансчекаралык-транзиттик туташуу” түшүнүгү киргизилет.

Телекоммуникация рыногунда инвестиция салууга жол ачуу жана ишкердикке жагымдуу шарттарды түзүү максатында мыйзамдын 16-статьясына киргизилген жаңы жобого ылайык Кыргыз Республикасында башка өлкөлөрдөн айырмаланып байланыш операторлоруна бир эле мезгилде байланыштын жылып турма дагы, фиксацияланган дагы кызматтарды көрсөтүүгө тыюу салуу алынып салынат. Колдонуудагы жобо бизнести кеңейтүү боюнча ишкердиктин мүмкүнчүлүктөрүн олуттуу чектеген жана байланыштын түрлөрүн конвергенциялоо процессине тоскоолдук кылган.

Мындан тышкары “Электр жана почта байланышы жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жаңы 34¹-статья менен толукталат. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын чек арага жанаша аймагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүүдө байланыш линияларын куруунун, эксплуатациялоонун  жана тейлөөнүн, анын ичинде  кабелди төшөөнүн жана линиялык-кабелдик курулмаларды куруунун, байланыштын линиялык-кабелдик курулмаларында курулуш жана авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 23-январь