Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

Мыйзам «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, «Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин Евразия экономикалык союзунун келишимдик-укуктук базасына шайкеш келтирүү жана атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү максатында  иштелип чыккан.

Келишимдин 75-статьясына ылайык Бирдиктүү экономикалык мейкиндигинин мамлекет мүчөлөрүнүн территорияларында эки же андан көп мүчө-мамлекеттердин территорияларындагы трансчекаралык рыноктордо атаандаштыкка терс таасирин тийгизген антиатаандаштык аракеттерди аныктоону жана токтотууну камсыз кылган атаандаштыктын жалпы принциптери жана эрежелери орнотулууга тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө Келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 26-январь