Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 5-февралында кабыл алынган.

Мыйзамдын негизги максаты – Евразиялык экономикалык союздун катышуучу- мамлекеттеринин  алкагында бирдиктүү рынокту  калыптандыруу үчүн шарт түзүүгө, мамлекеттер аралык интеграциялык бирикмелерди уюштуруудагы негизги маселе катары каралган салыктардын айрым түрлөрүнүн ставкаларын шайкеш келтирүүгө  багытталган.

Мыйзам фискалдык багытка ээ жана калктын тамеки продукцияларын колдонуусун азайтууга түрткү берүүчү шарттарды түзүүгө багытталган.

Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске  өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.

Алсак, Мыйзам менен  Кыргыз Республикасынын Салык кодексине тамеки продукциясына белгиленген акциздин базалык ставкаларды этап-этап менен жогорулатуу  жөнүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү  каралган.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 287 -беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, акциздин ставкасы Өкмөттүн чечими менен аныкталган базалык ставкалардын өлчөмүнүн  чегинде өзгөртүлөт.

Акциздик салыктын белгиленген ставкасына өтүүгө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинен акциздик салыктын айкалыштырган ставкаларын эсептөөдө колдонулган  “максималдуу чекене баа” (МЧБ) түшүнүгү жоюлат.

Ошону менен бирге, Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине да жарандардын ден-соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жарандарга каралган  азыркы колдонуудагы  администрациялык айып салуу көлөмү бирден үчкө чейинки деген  эсептешүү көрсөткүчүнөн  бешке чейинки эсептешүү көрсөткүчүнө чейин  жогорулатылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

2015-жыл 12-март