Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Нан унун байытуу жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Нан унун байытуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 5-февралында кабыл алынган.

Мыйзамда байытылган унду өндүрүүнү, алып келүүнү жана сатууну мамлекеттин контролуна  алуу каралган.

Мыйзамга ылайык унду байытуу эрежелеринин сакталышын, байытылган унду жеткирүүнү жана сатууну контролдоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктар мыйзамдын же келишимдин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү каралган. Ошондой эле, жогорку жана биринчи сорттордогу импортолуучу унду техникалык регламентке ылайык байытууну талап кылган өзгөртүү киргизилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 16-март