Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы швейцариялык грант жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2014-жылдын 29-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы № ТЕ 016315 швейцариялык грант (Улуттук суу ресурстарын башкаруу долбоор - 1-фаза) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 18-февралында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясын Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарылганы жөнүндө кабарлоого милдеттендирилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 24-март