Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Өкмөтү менен Германиянын Өкмөтүнүн ортосундагы 2013 жана 2014-жылдарга финансылык жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуулар ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2014-жылдын 26-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2013 жана 2014-жылдарга финансылык кызматташуу жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2013 жана 2014-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 25-февралында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги германиялык тарапты Кыргыз Республикасы тарабынан ушул макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарылганы тууралуу кабарлоого милдеттендирилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 24-март