Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 18-февралында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - дипломатиялык жана кызматтык паспортторду берүү, пайдалануу жана кайтарып берүү эрежелерин өркүндөтүү, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар тарабынан Кыргыз Республикасында болуунун же транзиттик өтүүнүн белгиленген тартибинин бузулушу үчүн жоопкерчиликти күчөтүү.

Аталган максаттарда Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөр киргизилет.

Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс жаңы 387¹-статьясы менен толукталып, ага ылайык дипломатиялык жана кызматтык паспортторду берүү, пайдалануу жана кайтарып берүү эрежелерин бузуу үчүн администрациялык жоопкерчилик каралат, ал эми 390-статьясында чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар тарабынан Кыргыз Республикасында болуунун же транзиттик өтүүнүн белгиленген тартибинин бузулушу үчүн жоопкерчилик аныкталат.

«Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-статьясы «Дипломатиялык жана кызматтык паспорттор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каралган тартипте берилет жана пайдаланылат. Дипломатиялык жана кызматтык паспорттор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекетке кайтарылып берилүүгө жатат. Дипломатиялык жана кызматтык паспортторду берүү, пайдалануу жана кайтарып берүү эрежелерин  бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет»,- деген жоболор менен толукталат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 24-март