Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткандарды социалдык коргоо жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

Президент Алмазбек Атамбаев 2002-жылдын Аксы окуяларында жабыр тарткандардын жана 2010-жылдын Апрель окуяларында жабыр тарткандардын кошумча социалдык колдоо деңгээлин теңеди.

Бүгүн, 2015-жылдын 3-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткандарды социалдык коргоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2002-жылдын Аксы окуяларында жабыр тарткандардын кошумча социалдык колдоо деңгээлин жана социалдык кепилдиктерди 2010-жылдын Апрель окуяларында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана жабыр тарткандардын деңгээлине теңештирүүнү караган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу милдети тапшырылды.

Учурда Аксы окуялары боюнча социалдык төлөмдү 31 адам алат. Бүгүнкү күндө социалдык жөлөкпулдун көлөмү айына 2115 сомду түзөт. Ал эми кошумча социалдык жөлөкпул дайындалганда анын көлөмү айына 3700 сомго жетет. Төлөмдөр республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.

Жарлыкка ылайык, Аксы окуяларында жабыр тарткандар бул кошумча үстөкпулду (айына 1585 сомдон) 2015-жылдын 1-майынан тартып ала башташат. Мамлекет башчысы бул маселе мыйзам жолу менен жөнгө салынганча каралган каражатты Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан бөлүп турууга милдеттендирди.

2015-жыл 3-апрель