Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө» Жарлыктарга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө» Жарлыктарга кол койду.

1 Жарлык Кыргыз Республикасынын жарандыгына 599 адамды (530 чоң киши жана 69 бала) кабыл алуу жөнүндө, алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар, Өзбекстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын мурдагы жарандары. 1 Жарлык 159 адамдын (125 чоң киши жана 34 бала) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуусу жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 24-апрелиндеги № 55 Жарлыгынын тексти >>>.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 24-апрелиндеги № 56 Жарлыгынын тексти >>>.

2015-жыл 29-апрель