Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы KfW жергиликтүү бюросун түзүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев  “2015-жылдын 15-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдик Республикасынын ортосундагы KfW жергиликтүү бюросун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 26-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине  белгиленген тартипте жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон  мамлекеттик  ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан  аткарылганы жөнүндө германия тарапка кабарлоо тапшырмасы берилди

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 1-июль