Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизилди

 Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 17-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - жарандарды ишке жайгаштыруу боюнча мыйзамсыз ишмердик үчүн администрациялык жоопкерчиликти жогорулатуу.

Ушул максатта  администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 77 статьясында белгиленген колдонуудагы айып салуу көбөйтүлөт жана жарандарга салынчу администрациялык айып акынын көлөмү так белгиленет. Жарандарга – эсептешүү көрсөткүчүнүн жетимиш беш (колдонуудагы  ондон жыйырмага чейинкинин ордуна), кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз сексен (колдонуудагы  элүүдөн жүзгө чейинкинин ордуна), юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жети жүз элүү (колдонуудагы  үч жүздөн жети жүзгө чейинкинин ордуна) өлчөмүндө администрациялык айып салынат.

77-статья экинчи бөлүк менен толукталат. Анда  бул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза колдонулгандан  кийин кайра кайталанса, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген уруксаттан ажыратуу чарасы каралат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

2015-жыл 21-июль