Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Аба кодексине жана “Кыргыз Республикасынын Аба кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Аба кодексине жана “Кыргыз Республикасынын Аба кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө”  Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.

Жаңы Аба кодексинин максаты – Кыргыз Республикасынын жарандык авиация тармагын жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды Эл аралык жарандык авиация уюмунун стандарттарына жана тажрыйбасына шайкеш келтирүү үчүн жакшыртуу.

Аба кодекси расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 8-август