Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 15-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбор азиялык региондук экономикалык кызматташтыктын (БАРЭК) 1- жана 3-коридорлорун байланыштыруучу жолдун кийинки долбоору үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоо үчүн аванс бөлүп берүү жөнүндө гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 24-декабрында кабыл алынган.
Гранттык макулдашуунун максаты Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары менен Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Талас облустарын үзгүлтүксүз транспорт байланышы менен камсыз кылуу болуп эсептелет.
Ратификацияланган макулдашуунун негизинде Азия өнүктүрүү банкынын Атайын фондунун эсебинен долбоордук-сметалык документтерди даярдоого 3 млн. АКШ доллар акча каражаты аванс түрүндө техникалык жардам катары төмөнкү участкаларга бөлүнөт: Балыкчы шаарынан БАРЭК 1-жол коридоруна чейин, аралыгы 43 км; Кочкор айылынан Кызыл-Жылдыз айылына чейин, аралыгы 119 км; Арал айылынан БАРЭК 3-жол коридоруна чейин, аралыгы 91 км.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тарта он күндөн кийин күчүнө кирет.