Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза” долбоорун каржылоо үчүн насыя берүү тууралуу Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2015-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза” долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондусунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамга кол койду.
 
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2015-жылдын30- декабрында кабыл алынган. 
Токтогул ГЭСин реконструкциялап, анан ар бир агрегатынын кубаттуулугун 60 мегабатка жеткирүү менен Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун жакшыртуу ратификацияланган Макулдашуунун максаты болуп саналат. 
Мындан тышкары, “Электр станциялары” ААК үчүн ресурстарды пландаштыруу системасын иштеп чыгуу жана пайдаланууга киргизүү; Кыргыз Республикасындагы энергетикалык сектордогу баардык компаниялардын активдерин инвентаризациялоо жана кайра баалоо; энергосекторду комплекстүү өнүктүрүүнүн генералдык планын даярдоо күтүлөт.       
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 
2016-жыл 26-январь