Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Индия Республикасы менен аскерий чөйрөдө кызматташтык жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2015-жылдын 12-июлунда Бишкекте кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскерий чөйрөдө кызматташтык жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2016-жылдын 3-мартында кабыл алынган.

Макулдашуу төмөнкү багыттарда кызматташууну көздөйт:

- материалдык каражаттарды жана кызматтарды берүүнү ичине камтыган аскерий-техникалык кызматташтык, ошондой эле согуш техникасы боюнча эки тараптуу долбоорлор;

- мамлекекеттик коргонуу ишканаларынын ортосундагы ар кыл чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты, технологияларды жана техникалык жардам берүүнү, окутууну, продукцияны биргелешип өнүктүрүү жана үчүнчү өлкөлөргө экспорттоону ичине камтыган коргонуу өнөр жайы чөйрөсүндөгү кызматташтык;

- согуш илими жана технологиялар чөйрөсүндө.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 11-апрель