Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2007-жылдын 6-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин укук коргоо органдарын жана атайын кызматтарын жабдуу үчүн атайын техниканы жана атайын каражаттарды берүүнүн жеӊилдетилген шарттары тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлган Экинчи протоколду ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду.
Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши 2016-жылдын 29-июнунда кабыл алган.
Протоколдун максаты авариялык-сактоо иштери үчүн керек болгон техникалык каражаттарды бул Макулдашуу тараган атайын техниканын тизмесине киргизүү жолу менен жеӊилдетилген шартта сатып алуу механизмдерин түзүү болуп саналат.