Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 26-ноябрындагы "Курманжан Датка" орденинин үлгүсүн тандоо боюнча конкурс жана анын сыпатталышы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жарлыкка ылайык "Курманжан Датка" орденинин үлгүсүн тандоо боюнча конкурстук комиссиянын курамы өзгөрдү.
Жарлыктын тексти:
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 26-ноябрындагы № 301 “Курманжан Датка” орденинин үлгүсүн тандоо боюнча конкурс жана анын сыпатталышы жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн “Курманжан Датка” орденинин үлгүсүн тандоо жана анын сыпатталышы боюнча конкурстук комиссиянын курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын
14-декабрындагы № 25 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 26-ноябрындагы “Курманжан Датка” орденинин үлгүсүн тандоо боюнча конкурс жана анын сыпатталышы жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын
13-февралындагы № 26 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 26-ноябрындагы “Курманжан Датка” орденинин үлгүсүн тандоо боюнча конкурс жана анын сыпатталышы жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жарлыгынын
1-пунктунун төртүнчү абзацы.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Курманжан Датка” орденинин үлгүсүн тандоо жана анын сыпатталышы боюнча конкурстук комиссиянын
КУРАМЫ
Ниязов Фарид Абилезимович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, комиссиянын төрагасы; |
| |
Акаев Жанарбек Кубанычбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
| |
Омурбекова Алтынай Сейтбековна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
| |
Исаев Канатбек Кедейканович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
| |
Сманбаева Жылдыз Аскарбековна | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгынын эксперти; |
| |
Жанболотов Улан Кубанычбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ишин камсыз кылуу боюнча тобунун башкы адиси; |
| |
Усубалиев Таалайбек Сыдыманович | - | “Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзу” коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); | - |
|
Абдраимов Алымбек Мекенович | - | “Кыргыз Республикасынын архитекторлор союзу” коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
| |
Копотев Вячеслав Викторович | - | геральдика боюнча адис (макулдашуу боюнча); |
| |
Шафир Александр Львович | - | геральдика боюнча адис (макулдашуу боюнча); |
| |
Макашов Султан Макашович | - | “Кыргыз Республикасынын эл чеберлеринин союзу” коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча). |
|