Асанбек Осмоналиев Кыргызстандын Ирандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиcинин кызматынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-августта Осмоналиев Асанбек Арыстаналиевичти Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотуу тууралуу Жарлыкка кол койду.