Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдери күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65, 88-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине, "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 6-статьяларына ылайык токтом кылынат:
Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 28-февралындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясын түзүү жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 24-февралындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-октябрындагы № 240 "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы.