Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

ЕЭКнын төрагасы Тигран Саркисян Президент Сооронбай Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады

Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады.

«Сиздин мааракеңизге байланыштуу менин чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду кабыл алыңыз.

Евразиялык интеграциянын маселелерине чоң көңүл бөлүп, Евразиялык экономикалык комиссиянын ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөткөнүңүз үчүн Сизге чын ыкласыман ыраазычылык билдирем.

Кыргыз Республикасына гүлдөп өнүгүүнү ал эми сиздин үйгө тынчтык жана жакшылык каалайм!», — деп белгиленет ЕЭК төрагасынын куттуктоосунда.

2018-жыл 16-ноябрь