Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Президент Сооронбай Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 60 жылдык мааракеси менен куттуктады.

«Урматтуу Президент, туулган күнүңүздү жакшы тилектерим менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм.

Боордош жана дос Кыргызстандын, чечкиндүү лидерлигиңиз менен туруктуулугун күчтөндүрүп өнүгүү жолунда чечкиндүү кадамдар менен алдыга сапар алуусу улутубуз тарабынан жактыруу менен бааланып жатат.

Боордоштуктан күч алган өлкөлөрүбүз арасындагы тамырдуу жана көп тараптуу тилектештик жана кызматташтык дагы илгерилээрине  толук ишенем.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Сизге ден-соолук, бакыт — таалай жана ийгилик, боордош кыргыз калкына өнүгүү жана бейпилдик каалайм», — деп белгиленет Түркиянын Президентинин куттуктоосунда.

2018-жыл 16-ноябрь