Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Президент Сооронбай Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады.

«Сизди 60 жылдык мааракеңиз менен чын дилимден куттуктайм. Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер жалпы тарыхка, боордош жана бир тууган элдердин моралдык жана маданий баалуулуктарына негизделген. Мына ушул мамилелерди мындан ары чыңдоо жана өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүү боюнча Сиздин аракеттериңиз абдан баалуу.

Ушул жаркын күнү Сизге бардык жакшылыктарды, бекем ден-соолук, бакыт-таалай жана жооптуу ишиңизге ийгиликтерди каалайм», — деп белгиленет Азербайжандын Президентинин куттуктоосунда.

2018-жыл 17-ноябрь