Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Молдованын Президенти Игорь Додон Президент Сооронбай Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады

Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады.

«Сиздин 60 жашка чыкканыңызга байланыштуу менин чын ниеттен чыккан жылуу каалоо-тилектеримди кабыл алыңыз. Бул майрам күнү Сизге чын жүрөгүмөн бекем ден-соолук, узун өмүр, эң бийик идеяларды ишке ашырууга ийгиликтерди каалайм.

Кыргыз Республикасынын Президенти катары Сиздин жемиштүү ишмердигиңиз мындан ары да өлкөнүн көз карандысыздыгын бекемдөөгө, гүлдөп-өсүүгө жана эл аралык аренада позицияларын бекемдөөгө кызмат кылат деп ишенем.

Молдова менен Кыргызстандын ортосундагы достук, кызматташуу салттуу мамилелери мындан ары да тездик менен өнүгүп, элдердин жыргалчылыгы үчүн бекемделет деген ишенимди билдирем», — деп белгиленет Молдованын Президентинин куттуктоосунда.

Игорь Додон Сооронбай Жээнбековго бакыт-таалай, ийгиликтерди, тынчтык жана жакшылыктарды каалады.

2018-жыл 17-ноябрь