Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Грузиянын жаңы шайланган Президенти Саломе Зурабишвилини шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Грузиянын жаңы шайланган Президенти Саломе Зурабишвилини шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.

«Грузиянын Президенти болуп шайланышыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Сиздин тажрыйбаңыз Грузиянын мындан ары дагы экономикалык гүлдөп өсүшүнө жана эл аралык аренада кадыр-баркынын жогорулашына түрткү берет деп терең ишенем.

Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы достук жана өз ара кызматташтык Сиздин жеңишиңиз менен жаңы деңгээлге чыгат деген жакшы тилектемин.

Сизге бекем ден-соолук жана бакубаттык, ал эми достук мамиледеги Грузия элине тынчтык жана өнүгүү каалайм», — деп айтылат Мамлекет башчынын куттуктоо телеграммасында.

2018-жыл 30-ноябрь