Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттукташты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин  дүйнөнүн түрдүү өлкө башчылары жана эл аралык уюмдардын жетекчилери Жаңы жыл менен куттуктоо жөнөтүп жатышат.

Президент Сооронбай Жээнбековду  жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев, Кытай  Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ, Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Ашраф Гани, Жаңы Зеландиянын генерал-губернатору Пэтси Редди, Норвегиянын Королу Харельд V, Даниянын Королевасы Маргрете II куттукташты.

Мындан тышкары Евразия стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Андрей Широков, Евразия экономикалык комиссиянын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегиясынын (министр) мүчөсү Александр Субботин, ЖККУнун Башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков, КМШ Экономикалык сотунун төрайымы Людмила Каменкова, Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Андрей Бельянинов, «РЖД» ААКнын башкы директору- башкармалыгынын төрагасы Олег Белозёров жана башка эл аралык уюмдардын жетекчилери дагы куттукташты.

Мамлекет башчысынын дарегине Жаңы жылдык куттуктоолор дагы  эле  келип түшүп жатат.

2018-жыл 31-декабрь