Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Индиянын Премьер-министри Нарендра Модини жана Индия элин Индиянын күнү — Улуттук майрамдын 70 жылдыгы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Модини жана Индия элин Индия Республикасынын күнү — Улуттук майрамдын 70 жылдык юбилейлик датасы менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана Индия элин Индия Республикасынын күнү — Улуттук майрамдын 70 жылдык юбилейлик датасы менен куттуктайм.

Акыркы жылдары  биз саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө жигердүү диалогду, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында жемиштүү кызматташтыкты жөнгө сала алдык.

Учурдан пайдаланып, Кыргыз Республикасы Индия менен өз ара түшүнүшүү жана пайдалуу кызматташтыкка умтулуу принциптеринде негизделгенин, жемиштүү мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө чын ниетинен кызыкдар экендигин тастыктап кетким келет.

Сизге, Улуу Мартабалуу, чын дилимден бекем ден соолук жана Сиздин жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө зор ийгиликтерди каалайм», — деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

2019-жыл 26-январь