Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Австралиянын Генерал-губернатору Питер Косгроувду Австралиянын күнү — Улуттук майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Австралия Союзунун Генерал-губернатору Питер Косгроувду Улуттук майрам —  Австралиянын күнү менен куттуктады.

«Сизди Кыргызстан элинин атынан жана өзүмдүн атымдан Улуттук майрам — Австралиянын күнү менен куттуктайм.

Кыргыз Республикасы менен Австралия Союзунун ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелери мындан ары өз ара түшүнүү жана өз ара пайдалуу кызматташуу нугунда өнүгөрүнө ишенем.

Чын дилимден Сизге ден соолук жана бакубатчылык, ал эми Австралиянын элине — тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм», — деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

2019-жыл 26-январь