Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына байланыштуу Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин куттуктады

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин куттуктады.

«Ушул жаркын майрам күнү биз өз өмүрүн аябастан согуш талааларында жана оорукта биз үчүн жана болочок муундар үчүн Жеңишке жетишкендердин ысымдарын сыймыктануу менен эскеребиз. Улуу Жеңиш Күнү биздин элдерибиздин биримдигинин жана бекем баш кошуусунун символу болуп калат. Биз кайталангыс эрдик көрсөтүп, фашизмди жеңген баатырлардын жаркын элеси алдында башыбызды ийип, терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Согуш жылдарындагы катаал сыноолордо чыңалган Казакстан менен Кыргызстан элдеринин ортосундагы бекем достук мындан ары да биздин мамлекеттер ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын пайдубалы катары кызмат кыла берет», — деп белгиленет телеграммада.

Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев майдандын жана ооруктун ардагерлерине Жеңиш үчүн чын жүрөктөн чыккан ыраазычылыгын билдирди.

2019-жыл 9-май