Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков: Куткаруучулар түйшүктүү, ары сыймыктуу кесипти аркалап, күн сайын табияттын күтүлбөгөн кырсыктарына каршы күрөшүп келишет

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын куткаруучуларын кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын Куткаруучулар күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу куткаруучулар жана ардагерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын куткаруучулар күнү менен куттуктаймын!

Куткаруучулардын иши өтө татаал, көп кырдуу жана опурталдуу. Кандай гана катаал кырдаалдарда болбосун куткаруучулар ар дайым ыкчам жана чечкиндүү аракеттерге даяр болушат.

Сиздер түйшүктүү, ары сыймыктуу кесипти аркалап, күн сайын өз өмүрүңүздөрдү тобокелге салуу менен табияттын күтүлбөгөн кырсыктарына каршы чыныгы баатырларча күрөшүп келесиздер.

Кырсыктын чеңгелинен куткарылган ар бир адам өмүрү үчүн сиздерге терең ыраазычылык билдиребиз.

Сиздер ар дайым өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу, жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча татаал жана жоопкерчиликтүү милдеттерди ийгиликтүү аткарасыңар деп ишенем.

Куткаруучулардын сапаттуу жана заманбап техникалар менен камсыз болушуна камкордук көрүү, алардын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүү, ошондой эле кесипкөй жаш куткаруучуларды даярдоо — мамлекеттин милдети.

Баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубат турмуш, татаал жана жооптуу ишиңиздерге албан ийгиликтерди каалайм.

Жараткан колдоп, жергебизде тынчтык, элибиз бөөдө кырсыктан тышкары болсун!»

 

2019-жыл 1-июль