Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Грециянын Президенти Прокопиос В. Павлопулос Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Грек Республикасынын Президенти Прокопиос В. Павлопулос Кыргызстандын элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

«Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу грек элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздин өлкөңүзгө жылуу куттуктоолорду жолдоп, Кыргыз Республикасынын элине мындан ары өсүп өнүгүүнү каалайм», — деп белгиленет телеграммада.

2019-жыл 31-август