Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Президент Сооронбай Жээнбековду Жаңы жыл менен куттуктады

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

«Казакстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди келе жаткан жаңы, 2020-жылыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сизге мындан аркы мамлекеттик ишмердигиңизге ийгиликтерди, Кыргызстан элине — бакубатчылык жана өсүп-өнүгүүнү каалайм!"- деп белгиленген Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоосунда.

2019-жыл 31-декабрь