Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

«Келе жаткан жаңы, 2020-жыл менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сизге чың ден-соолук, түгөнгүс жашоо кубатын, бакыт жана баардык ишиңизге ийгиликтерди каалайм. Жаңы жыл Сиз үчүн жана боордош Кыргызстан эли үчүн тынчтыктын, бакубатчылыктын жана гүлдөп өнүгүүнүн жылы болсун», — деп айтылат Гурбангулы Бердымухамедовдун куттуктоосунда.

2019-жыл 31-декабрь