Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Казакстандын Туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Казакстан Республикасынын Туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана өлкөнүн элин Жаңы жыл менен куттуктады.

«Келе жаткан 2020-жыл менен чын ниет куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Сизге жана Сиздин жакындарыңызга чың ден соолук, кажыбас кайрат жана бакубатчылык каалайм. Жаңы жыл Сиздин мамлекеттик ишиңизде ийгиликтүү жана жемиштүү болсун!», — деп белгиленген Нурсултан Назарбаевдин куттуктоо телеграммасында.

2019-жыл 31-декабрь